Борбор калаада жашылдандыруу иштери активдүү уланууда, жазгы жоогазын гүлдөгөндөн кийин шаар жайкы гүлдөр менен кооздолууда. Сезондук көрктөндүрүүнүн алкагында бир жылдык декоративдик гүлдөр — петуния, тагетес, сальвия, алиссум жана башка гүлдөр отургузулат. Бүгүнкү күндө гүл олтургузуу  иштери 70% га жакын аткарылды.

Быйыл жалпысынан 1 миллион 600 миңге жакын гүл отургузуу пландалууда. Жаркыраган гүл оюмдары шаардын негизги коомдук жайларын – Жеңиш аянтын, Ала-Тоо аянтын, Эмен паркын, Пушкин көчөсүн, Чүй проспектисин, Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишин, ошондой эле театр жана дене тарбия аянттарын кооздоп жатат.

Шаар тургундарын жана конокторун түркүн түскө толгон жай күтүп турат: жыпар жыттуу гүлзарлар жана оригиналдуу гүл композициялары азыртадан эле комфорт атмосферасын түзүп, маанайды көтөрүүдө. Бир жылдык гүлдөрдү  отургузуу иштери уланып, жакында шаар толугу менен жайкы гүлдөр менен кооздолот.