"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын райондорунда кыртыштын деңгээлин төмөндөтүү боюнча пландык иштерди улантууда.
Учурда борбордун Октябрь жана Ленин райондорунда иштер кызуу жүрүп жатат. Ленин районунда Чүй проспектисинде — Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейинки тилкеде жер кыртышынын деңгээли түшүрүлүүдө. Октябрь районунда Нуркамал көчөсүндө иштер жүргүзүлүүдө.
Топуракты төмөндөтүү көчө-жол тармагын көрктөндүрүү жана аймактарды жашылдандыруунун кийинки этаптарына даярдоо боюнча учурдагы иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүүдө.
“Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасы шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууларын суранат.