«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы 2025-жылдын 31-майынан тартып магистралдык жана бөлүштүргүч түтүктөргө суу толтуруу иштерин баштайт. 2025-жылдын 1-июнунан баштап ысык суу бериле башталат.
2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү масатында жылуулук тармактарында алдын-ала оңдоо иштери жана гидравликалык сыноолору аяктагандан кийин, «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы 2025-жылдын 31-майынан тартып магистралдык жана бөлүштүрүүчү түтүктөрдү толтурууну баштайт. Бишкек шаардык ЖЭБинде сууну жылытуу жана керектөөчүлөргө ысык суу берүү 2025-жылдын 1-июнунан тартып жүргүзүлөт.
«Бишкек жылуулук тармагы» шаар тургундарынан ысык суу келүүчү түтүктөргө муздак суунун агышын болтурбоо максатында бекиткич крандарды текшерип, жаап коюуну өтүнөт, ошондой эле, «Аристон» сыяктуу суу жылыткычьтарды жалпы системадан өчүрүп, бекиткич арматураны жабуу сунушталат. Ысык сууга туташтыруу 3–4 күндүн ичинде жүрөт, алгач социалдык объекттер туташтырылат.
Жылуулук тармагын жөнгө салуу жана ишке киргизүү иштери 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн.
Авариялык кырдаалдар жаралса же суроолор пайда болсо, төмөнкү номерлерге кайрылыңыз:
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору:
(0312) 61-11-69, 1980,
0557 611166, 0777 611166, 0701 611166
Диспетчердик кызмат:
56-85-58
Борбордук райондун үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженерлер:
36-57-19, 30-07-67
Түштүк районунун үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженерлер:
51-06-22, 21-74-06