Бүгүн, 2025-жылдын 30-майында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору мектеп алдындагы лагерлер ачыла турган бир нече мектепти  текшерди.

2025-жылы Бишкектин 46 мектебинде социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары менен өспүрүмдөрдүн, ошондой эле активисттер менен отличниктердин мектеп алдындагы  лагерлеринде жайкы эс алуусу пландаштырылган.

Мектеп лагерлери 2025-жылдын 2-июнунан 27-июнуна чейин (20 жумушчу күн) саат 8.00дөн 14.00гө чейин иштейт.

Учурда мектеп алдындагы лагерлердин кызматкерлеринин педагогикалык жана медициналык курамы,  окуучулардын тизмелери жана иш пландары бекитилип жатат.

Жалпысынан шаардагы мектеп алдындагы  лагерлерине 4450 бала барат. Алардын ичинен райондор боюнча:
- Ленин району: 11 мектепте: № 7, 42, 44, 40, 59, 72, 74, 79, 84, 77, 118;  1200 баланы камтыйт;
- Биринчи Май району: 5 мектепте:  № 49, 86, 99, 101, 36;  750 баланы камтыйт;
- Свердлов району: 20 мектепте: № 4, 11, 21, 45, 46, 52, 53, 66, 76, 10, 85, 87, 94, 5, 105, 109, 110, 111, 111;  1570 баланы камтыйт;
- Октябрь району: 10 мектепте: № 14, 60, 62, 64, 73, 100, 91, 98, 88, 103;  900 бала барат.

Райондук билим берүү башкармалыктары тарабынан мектеп лагерлеринде жайкы тарбия-ден соолукту чыңдоо кампаниясын уюштуруу, координациялоо жана көзөмөлдөө, окуучулардын бош убактысын пландаштыруу, клубдардын жана короо клубдарынын ишин уюштуруу үчүн жооптуу адистер бекитилди.

Балдардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү жана алардын мектеп алдындагы жайкы лагерлерде эс алуусун уюштуруу  максатында шаардык жана төрт райондук балдар чыгармачылык борборлорунда, жаш техниктердин станцияларында,  мектеп алдындагы лагерлерде жана жайкы каникул мезгилинде ийримдердин жана студиялардын иши  бекитилди.