29-майда 98 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Хищенко Пётр Семёнович дүйнөдөн кайтты.

Хищенко Пётр Семёнович 1927-жылы 20-августта Фрунзе областынын Панфилов районуна караштуу Чалдовар айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

1944-жылы 17 жашында аскерге чакырылган. Фрунзе шаарынан келген 11 миң жигиттин ичинен ал аскердик окуудан өтүү үчүн Уфага барган. 1945-жылы жазында согуштун аякташы ага жаңы перспективаларды ачып, Уфа жөө аскерлер мектебине кирип, аны лейтенант наамы менен аяктаган. 1956-жылы башталган толкундоолорго байланыштуу Венгрияга жөнөтүлүп, Австрия менен чек арада кызмат өтөгөн. Абал турукташкандан кийин полк Ужгород шаарына (Украина) алынып келинип, ал жерде 1960-жылга чейин кызматын уланткан. Ден соолугуна байланыштуу майыптык боюнча  III  топко комиссияланган.

Фрунзеге кайтып келип, машина куруу техникумун бүтүрүп, 30 жыл «Физприборы» заводунда инженер-технолог болуп иштеп, ошол жерден пенсияга чыккан.

Петр Семенович Хищенко көптөгөн медалдар менен сыйланган. Анын өмүр жолу-туруктуулуктун, кайраттуулуктун жана мекенге берилгендиктин үлгүсү.

Бишкек шаарынын мэриясы Петр Семенович Хищенконун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.