2025-жылдын 30-майынан тарта, Бишкек шаарындагы жолдорду реабилитациялоонун алкагында Жаш Гвардия бульварынын Чүй проспектисинен Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн чыгыш тарабы транспорт кыймылы үчүн жабылат.

Өз кезегинде, батыш тарабынан убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулган.

Калыбына келтирүү иштери белгиленген графиктен эрте жүргүзүлүүдө. Подряддык уюм катары "ДорСтрой Групп" ЖЧКсы иш алып барат.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн өз маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну, ошондой эле жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.