Ишкерлер жана соода базарларынын администрациясынын өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясына борбордук базарлардагы санитардык күндөрдүн белгиленген графигин кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.
Бишкек шаарынын мэриясы базар өкүлдөрүнүн кайрылуусун эске алуу менен санитардык күндөрдүн санын кыскартуу боюнча чечим кабыл алуу жөнүндөгү маселени карап чыкты.
Жаңы чечимге ылайык, санитардык күндөр айына эки жолу, дүйшөмбү күндөрү өткөрүлөт. Ошол эле учурда санитардык абалды жана жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү, чарба субъекттери тарабынан соода түйүндөрүн дезинфекциялоо, ошондой эле өрткө каршы нормаларды жана талаптарды сактоону көзөмөлдөө боюнча чаралар күчөтүлөт.
Базарларды санитардык жана өрткө каршы коопсуздук эрежелерине ылайык келтирүү боюнча иш-чаралар туруктуу негизде улантылат.
Бул талаптар соода тармагындагы бардык катышуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев "Дордой" базарынын администраторлору менен жолугушуу өткөрдү. Жол инфратүзүмүн өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча шаардыктардын сунуштары айтылды. Өз кезегинде "Дордой" базарынын санитардык жана өрткө каршы коопсуздугу текшерилет.