«Аяр» майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө Борбордун камкорчулар кеңеши, Кызыл Жарым Ай коому жана «Элим, барсыңбы» кайрымдуулук фонду активдүү катышты.
Балдар үчүн №87 мектептин окуучулары даярдаган концерттик программа көрсөтүлдү. Ошондой эле Борбордун кызматкерлери жомок каармандарынын образында театрлаштырылган спектакль коюшту.
Кызыл Жарым Ай коому тарабынан аниматорлор, «таттуу кебез» жасоочулар чакырылып, балдарга белектер таратылды. «Shin Line» кондитердик фабрикасы балдарды балмуздак менен камсыз кылды.
Программа соңунда Борбор бардык кызмат алуучулар үчүн таттуу жана жемиштер менен коштолгон майрамдык түшкү тамак уюштурду.