“Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасы штаттык режимде иштеп жатат.
Бүгүнкү күнгө карата Бишкек жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп жатат, орточо электр кубаттуулугу – 51 МВт.
Бүгүнкү күндө 2 отказан агрегаты, кайчылаш байланышы менен 2 турбиналык агрегат иштеп жатат. 12 отказан агрегаты жана 2 турбиналык агрегат оңдоодон өткөрүлүүдө.
26-майга карата ЖЭБдин кампасында калган отун -262,160 миң тонна көмүрдү түзөт.
“Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасы 2025-жылдын 31-майынан баштап сууну толтуруп, берүүнү баштайт. 2025-жылдын 1-июнунан тартып жылуулук түйүндөрүн жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо жүргүзүлөт.