280 орундуу бала бакчанын имараты жанаша жайгашкан 0,99 га жер тилкеси менен бирге  Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды. Жалпы суммасы 279 319 000 сомду түзөт.

Иш Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын көмөгү менен жана прокурордук текшерүүнүн жана берилген жооп актысынын негизинде жүргүзүлдү.

Буга чейин бала бакча Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы №ПЖ-37 «Социалдык инфраструктура объектилерин андан ары пайдалануу шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын бузуу менен акционердик коомдун балансында турган.

Ошондой эле, жер мыйзамдарын бузуу менен муниципалдык менчикти пайдалануу фактылары боюнча КР Башкы прокуратурасына көмөк көрсөтүүнүн алкагында КР Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому тарабынан Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине 3 000 000 сом компенсацияланган.

Мындан тышкары бейтаптарды ташып келүү жана реанимация кызматын көрсөтүүчү 3 тез жардам унаасы муниципалитеттин карамагына бекер өткөрүлүп берилди.