Мэрия Жогорку Кеңештин депутатынын билдирүүсү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

2025-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев айрым объектилерде саат 18:00дөн кийин жана дем алыш күндөрү жол куруу иштери жүргүзүлбөй жатканын белгиледи.

Бул билдирүү чындыкка дал келбейт. Бүгүнкү күндө жолдорду оңдоо жана реабилитациялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Ошол эле учурда, кээ бир тилкелерде тургундардын нааразычылыгынан улам, дем алыш күндөрү жана кечки убакта подрядчы уюмдар иштерди убактылуу токтотууга мажбур болушууда. Бирок калган убактарда жол куруу иштери толук кандуу жүргүзүлүүдө.

Мисал катары депутат Мeдеров көчөсүн келтирген. Бирок учурда бул көчөдө инженердик тармактарды тартуу иштери параллелдүү жүрүп жатат. Бул – келечекте жаңы басылган асфальт катмарын кайра казуу зарылдыгын алдын алуу максатында жасалууда.

Айрыкча белгилеп кетүүчү нерсе – Мeдеров көчөсүн Юнусалиев көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери графиктен 26 күнгө алдыда бара жатат. Ал эми Жибек-Жолу проспектисинде (Лермантов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки түндүк тарабы) иштер графиктен 19 күн эрте бүткөрүлгөн.

Жаңы төшөлгөн асфальтты кайра казуу маселесине келсек, шаардык кызматтар тарабынан жолдорду реконструкциялоо жана реабилитациялоо учурунда параллелдүү иштерди макулдашуу менен жүргүзүү каралган.

Муниципалдык инспекция жана тиешелүү адистер тарабынан аткарылган иштердин сапаты жана мөөнөттөрү тыкыр көзөмөлдөнүүдө.