Ушул жумада Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгынын Биринчи Май району боюнча контролдоо бөлүмүнүн   кызматкерлери  жерди пайдалануу жаатында бир катар демонтаж иштерин жүргүзүштү.

Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 14-январындагы №5-т тескемесинин негизинде Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын нугун тазалоо иштеринин жүрүшүндө төмөндөгүлөр демонтаждалган:

- «Ретро Метро» түнкү клубунун бир бөлүгү – 400 чарчы метр муниципалдык жер тазаланды;
•Узундугу 60,6 метрди түзгөн “7 дней” мейманканасынын тосмосу;
•Малдыбаев көчөсүндө 15 күркө.

Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын аймагында  жайгашкан, 323 чарчы метрди түзгөн  кафе жана дарыкана буздурулду, ошондой эле Бөкөнбаев көчөсүндөгү 3 күркө  алынган.


Биринчи май райондук администрациясы менен биргеликте «Бугу эне багыш» конушундагы курулуштардын пайдубалы бузулду. Иштин жыйынтыгында коомдук жерге курулган 65 объект жоюлган.

Ошондой эле, №14 МАБ менен биргеликте Республика көчөсүн реконструкциялоого тоскоол болгон 35 тосмо  демонтаждалган.

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жарандарды жер тилкелерин пайдаланууда белгиленген эрежелерди сактоого чакырат.