«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы ысык суу берүү алдында жылуулук түтүктөрүн текшерүүдөн өткөрөт.
2025-жылдын 29-30-майында, “Бишкекжылуулукэнерго” тарабынан Бишкек шаарынын төмөнкү аймактарында жылуулук тармактарын тыгыздыкка текшерүү иштери жүргүзүлөт: Жал кичи району, Газ жана Совмин шаарчалары, Кудайберген базары (Аскер шаарчасы), Темир жол ооруканасы жана №4 шаардык ооруканасынын аймагы.
Урматтуу шаар тургундары сыноо иштерине карата үйдөгү жана короодогу крандарды ачык калтырбоого чакырабыз, эгер кооптуу учурлар байкалса жана кошумча суроолор жаралса «Бишкекжылуулукэнерго» МИсинин байланыш номерине чалыңыз: 0(312) 49 00 86
WhatsApp +996 701 777 110
Эскерте кетсек, борбор калаабызга 1-июндан тарта ысык суу берилет. Андыктан суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттар өчүк болуусу шарт.