Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы күн сайын өткөрүлүп жаткан рейддердин жүрүшүндө экологиялык эрежелерди бузган учурларды аныктоодо.

Чөптү жана тиричилик калдыктарын өрттөө фактылары катталды.

Жыл башынан бери жалпы 89 протокол түзүлүп, 1 055 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Анын ичинен жеке адамдарга 480 000 сом, юридикалык жактарга 575 000 сом айып салынган.

Ошондой эле алдын алуу иштери жүргүзүлүп, мончолордо көмүр жана отун колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринде тигүү өнөр жайынын калдыктарын,  пластмассадан, каучуктан, оргстектен жасалган буюмдарды (бутылка, банкалар ж.б.), желим (автомобиль дөңгөлөктөрү, камералар ж.б.), лак-боёк материалдарын жана башкаларды өрттөөгө тыюу салынгандыгы жазылган.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз мындай мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, сураныч, фото жана видео материалдарды Муниципалдык инспекциянын номерине жөнөтүңүз: 0990 75 73 71 (WhatsApp).