2025-жылыдын 26-майында жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында коомдук жайларда түнкү рейддер өткөрүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын, райондук билим берүү башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.

Рейддин жүрүшүндө кафе, ресторандар, шаардын борбордук аянты, Ынтымак паркы ж.б. коомдук жайлар текшерилди.

Ошондой эле коомдук тамактануу жайларынын администрациялары менен жашы жете электерге карата мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча, өзгөчө массалык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Түнкү рейддердин жыйынтыгында акт түзүлүп, мыйзамдуу өкүлдөрүнө берилген 36 жашы жете элек бала аныкталып, тиешелүү профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдарынын, өзгөчө майрам күндөрү бош убактысын көзөмөлдөөнү күчөтүү өтүнүчү менен кайрылат!