Ташкент шаарында жеңил атлетика боюнча UNG Meeting аталышындагы эл аралык мелдеш өттү.
Мелдешти Азиянын жеңил атлетика федерациясы уюштурду. Бул турнир World Athletics Continental Tour сериясынын Bronze деңгээлине кирип, спортчулар үчүн Азия чемпионатына даярдануунун маанилүү этабы болду.
С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн спортчулары эки дисциплина боюнча күч сынашып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Тимур Исаков — эркектер арасындагы узундукка секирүү дисциплинасында 2-орунду ээледи. Бул мелдешке Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн 9 спортчу катышкан.
Руслан Литовский — эркектер арасындагы 400 метрге чуркоо дисциплинасында 2-орунду алды. Жарышка төрт мамлекеттен жалпы 10 спортчу катышкан.
Бул мелдеш Азия чемпионатына даярдануу, рейтингдик упай топтоо жана региондо жеңил атлетиканы өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты 2025-жылдын 27–31-май күндөрү Куми шаарында өтөт.