2025-жылдын 26-майында «Таберик» залында Бишкек шаарынын 2026-2028-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын коомдук угуусу  өттү.

Коомдук угууга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын тургундары катышты.

Иш-чарада шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана аларды ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралардын комплекси белгиленген Программанын долбоорунун бет ачары болду.

Программа шаар тургундарынын керектөөлөрүн канааттандырууга, анын ичинде Бишкек шаарынын экономикалык, инвестициялык жана инфраструктуралык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Ал Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болот жана бюджеттик саясаттын негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктайт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарын 2026-2028-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесин аткаруу максатында иштелип чыккан.