Бишкек шаарында кыздар жана балдар арасында тэг-регби боюнча мектеп лигасынын шаардык этабы өттү. Бул этапка ар бир райондон тандалып алынган 16 мыкты команда катышып, мыктынын мыктысы болуу үчүн күч сынашты.
Тэг-регби — бул ылдамдыкты, эптүүлүктү, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана командалык рухту өнүктүргөн кызыктуу жана жеткиликтүү спорттук оюн. Бул мектеп окуучулары үчүн жөн гана мелдеш эмес, ошондой эле ден соолукту чыңдоонун, активдүү эс алуунун жана кубаныч тартуулоонун мыкты жолу.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.
Мелдештин негизги максаты — тэг-регбини жайылтуу, окуучуларды спортко тартуу, ден-соолукка пайдалуу жашоо образын калыптандыруу жана спортко болгон сүйүүнү арттыруу болуп саналат.
Оюндун жыйынтыктар:
1-орун — №59 мектеп (Ленин району)
2-орун — №96 мектеп (Ленин району)
3-орун — №54 мектеп (Биринчи май району)
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген командалар кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.
Мелдеш достук жана спорттук маанайда өтүп, балдардын спортко болгон кызыгуусун арттырды.