2025-жылдын 1-февралынан 30-майына чейин «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму Евразия өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары жана студенттери арасында «Мыкты достук» эл аралык сынагын өткөдү. Сынактын максаты – ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттердин ортосундагы достук байланышты чыңдоо, маданияттар аралык диалогду жана чыгармачылык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү.

Сынакка Бишкек шаарындагы №27 орто мектептин окуучулары активдүү катышты. Долбоордун жүрүшүндө алар Молдова Республикасындагы мектептердин окуучулары менен достошуп, алардын жашоосу, маданияты, каада-салты менен таанышты.

Балдар сынактын ичиндеги 10 тапшырманын баарын ийгиликтүү аткарышты, алардын катарында:
* класстык видео визиттик картаны түзүү;
* улуттук тилдин өз ара сабактарын өткөрүү;
* улуттук ырды мыкты аткаруу үчүн сынак;
* улуттук бий жана сувенирлерди жасоо боюнча мастер-класстар;
* Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чаралар жана башка чыгармачылык активдүүлүктөр.

Ар бир этаптын жыйынтыгында мектеп окуучулары аткарган иштери боюнча отчетторду камтыган видеоматериалдарды уюштуруу комитетине тапшырышты.

2025-жылдын май айында«Евразия»  уюмунун уюштуруу комитети сынактын жыйынтыгын чыгарды. Бишкек шаарындагы №27 мектептин окуучулары жеңүүчү деп табылып, баш байге - Россия Федерациясындагы «Морская звезда» атындагы лагерине жолдомо менен сыйланышты. 1-июнда бүт класс эстен кеткис жайкы саякатка чыгат.

Балдарды татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз жана аларга жаңы ийгиликтерди, жаркын таасирлерди каалайбыз!