Өзбекстандын Ташкент шаарында ITF тхэквондо боюнча «Pride Open» эл аралык турнири өттү. Мелдешке Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Россия, Азербайжан, АКШ жана Кыргызстандан 500дөн ашуун спортчу катышты.
Кыргызстандын курамында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн 11 тарбиялануучусу катышып, «спарринг» жана «туль» дисциплиналары боюнча күч сынашты.
Мектептин жаш спортчулары өлкөнү татыктуу көрсөтүп, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, жеңишке болгон эркин жана мыкты техникалык чеберчилигин көрсөтө алышты.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары жалпы 11 медалга ээ болушту:
5 алтын медаль:
•Мукеев Исам — 45 кг чейин (10–11 жаш)
•Туголбаев Адиль — 26 кг чейин (7–8 жаш)
•Нишамбаев Ариет — 28 кг чейин (7–8 жаш)
•Понамарев Богдан — 24 кг чейин (7–8 жаш)
•Камчыбеков Эрбол — 35 кг чейин (12–13 жаш)
4 күмүш медаль:
•Именжанова Севара — 50 кг чейин (14–15 жаш)
•Самсалиева Айдана — 50 кг чейин (14–15 жаш)
•Кенжакунова Айдана — 58 кг чейин (16–17 жаш)
•Иминова Аилинаиша — 45 кг чейин (12–13 жаш)
2 коло медаль:
•Самсалиева Адиля — 55 кг чейин (12–13 жаш)
•Абдылдаев Атайбек — 75 кг чейин (14–15 жаш)
Жалпы жыйынтык: 11 медаль — 5 алтын, 4 күмүш жана 2 коло.
«Pride Open» турнири ITF тхэквондо өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти арттыруу, өлкөлөр ортосундагы достук байланышты чыңдоо жана жаштар арасында ден соолукка пайдалуу жашоо образын жайылтуу максатында өткөрүлдү.