Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарындагы 120 мектепте тогузунчу класстын 21 миң 637 окуучусу жана 11-класстын 10 миң 678 бүтүрүүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды.
Саат 9: 00дө калаанын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына байланыштуу салтанаттуу линейкалар өттү.
Акыркы коңгуроо-бул мектеп окуучуларынын жашоосундагы маанилүү окуя, окуу этабынын аякташынын жана жаңы жолдун башталышынын символу.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, райондук акимиаттар жана райондук билим берүү башкармалыктары тарабынан жооптуу кызматкерлердин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулган. Коопсуздукту камсыздоо максатында коомдук жайларда рейддик иш-чаралар өткөрүлөт.
Мындан тышкары, жалпы билим берүү уюмунун аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чаралар учурунда окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө ата-энелер коомчулугу менен чогулуштар өткөрүлдү.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Мектепти бүтүшүңүздөр менен куттуктайбыз, келечегиңер кең болсун!