«Үмүт үйү» улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык-стационардык мекемеси курамына Германиядан келген адистер, Кызыл Жарым Ай уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле «Инновациялык өнүгүү» коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Азамат Иманкулов кирген делегацияны кабыл алды.
Германиядан келген адистер өз ишмердүүлүгүнүн багыттарын, анын ичинде улгайган адамдарга кам көрүү ыкмаларын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоону, ошондой эле ишмердүүлүгүнүн уюштуруу түзүмүн көрсөтүштү.
Коноктор үчүн мекеме боюнча экскурсия уюштурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында жыл сайын мекеменин кызматкерлерин Германияда геронтология жана улгайгандарга кам көрүү жаатында квалификациясын жогорулатуу максатында Кызыл Жарым Ай уюмунун колдоосу менен стажировкадан өткөрүү, анын ичинде өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди.
Мекеме мындан ары да эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрөт, ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу жана камкордукка алынган адамдарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында инвестицияларды тартат.
Жакынкы арада чет элдик өнөктөштөрдөн ашкана жабдууларынын комплекти келиши күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемесинде 209 адам жашайт. Бардык камкордукка алынган адамдарга акысыз социалдык, медициналык жана тиричилик кызматтары көрсөтүлөт. Мекеме өз жашоочуларын кийим-кече, бут кийим жана биринчи кезектеги керектүү буюмдар менен толук камсыз кылат.