Бишкектеги Каражыгач токоюнда 500 катышуучуну бириктирген « Baatyr Race » аттуу кызыктуу экстремалдык тоскоолдуктар жарышы өттү. Мелдеш күчтүн, туруктуулуктун жана командалык духтун чыныгы сыноосу болду.

Иш-чарага Казакстан менен Өзбекстандан да спортчулар катышты.

Жарыштын негизги максаты – Кыргызстанда сергек жашоо образын жайылтуу, массалык спортту өнүктүрүү жана тоскоолдуктар менен жарыштарды жайылтуу. Бул жарыш спорттук гана эмес, социалдык мааниге ээ болуп, ондогон командаларды жана жүздөгөн жеке катышуучуларды активдүү дене тарбияга үндөдү.

Иш-чараны Экстремалдуу Атлетика Федерациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кайрылып, аларга ийгилик каалап, мындай иш-чаралардын шаар үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле экстремалдык жеңил атлетика федерациясынын директору Аида Газиева сөз сүйлөп, катышуучуларга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Жарышка 18 жаштан жогорку спорт сүйүүчүлөр катыша алышты. Жалпысынан:

•70 команда (ар биринде 3 адам)
•300 жеке катышуучу

«Baatyr Race» жарышынын өзгөчө бөлүгү тоскоолдуктар тилкеси болду. Бул жерде катышуучулар өздөрүнүн физикалык жана моралдык сапаттарын сыноого алышты.

Тоскоолдуктар төмөнкүлөрдөн турду:

•Тосмолор
•Тордун алдынан соймолоп өтүү
•Аркандардан жасалган «Өрмөк»
•«Эверест» (аркандар менен чыгуу)
•Туннель жана башка тоскоолдуктар.

Көпчүлүк тоскоолдуктар күчтөн тышкары, командалык ишти жана бири-бирине колдоо көрсөтүүнү талап кылды.

Иш-чарада спорт товарлары, суусундуктар жана тамак-аш сатылган жарманке да уюштурулду.

Бардык катышуучулар эстеликке медалдарын алышты, ал эми жеңүүчүлөргө медалдар, баалуу жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.