Бишкек шаарында «Газпром-балдарга» спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплексинин аймагында One Run аттуу жыл сайын өтүүчү жарым марафон өттү. Иш-чарага 1000ден ашуун адам катышып, спортчулар менен активдүү жашоо образын сүйгөн жарандарды бириктирди.
Жарыш төрт аралыктан турду: 1 км, 5 км, 10 км жана жарым марафон – 21,1 км. Ар бир катышуучу өзүнө ылайыктап дистанция тандап алды. Жарым марафон чыныгы спорттук майрамга айланды, бүт үй-бүлөсү менен келишкендер болду, кимдир бирөө биринчи жолу чуркап жатса, башкалар жеке рекордун жаңыртууга аракет кылышты.
Ар бир аралык боюнча биринчи орунду алган жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар, акчалай сыйлыктар жана уюштуруучулардан баалуу белектер ыйгарылды. Ал эми жарышты аяктаган бардык катышуучуларга эстелик медалдар жана белектер тапшырылды.
Бишкек дагы чоң эл аралык долбоордун бир бөлүгү болду: дал ушул күнү жарыштар Россиянын бардык аймактарында жана дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөлөрүндө өттү, алардын катарында Кытай, Бразилия, Египет, Сербия, Индия, Бахрейн жана башкалар бар. Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча 220 000ге жакын адам катышты.
Иш-чаранын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Жеңил атлетика федерациясы, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти, Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Эл аралык марафондун дирекциясы болду.
Иш-чаранын максаты — дени сак жашоо образын жайылтуу жана ар кандай курактагы адамдарды спорт менен үзгүлтүксүз алектенүүгө тартуу. ONE RUN жарым марафону шаарлар менен өлкөлөрдү чогуу чуркоо ритмине бириктирип, миңдеген адамдарды алдыга умтулууга шыктандырууда.
ONE RUN — көптөгөн катышуучулар үчүн бул биринчи расмий жарыш болуп калды, айрымдар үчүн — жеке рекорд коюуга мүмкүнчүлүк болду, ал эми эң жаш спортчулар үчүн — өздөрүнүн алгачкы «бир чакырымын» чуркоо шансы болду.