2025-жылдын 27-майында саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суунун берүү токтотулат.

Ахунбаев – Тыналиев – Курчатов – Минжилкиев көчөлөрү чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Өрт өчүрүү үчүн зарыл болгон объектилерди туташтыруу иштерине байланыштуу суу токтотулат.

«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, калкты алдын ала ичүүчү суу менен камсызданып алууга чакырат.