2025-жылдын 24-майында, Бишкек шаарындагы «Газпром-балдарга» Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде (ФОК) саат 7:00дө «ONE RUN» эл аралык жарым марафону старт алат.

Жарым марафонго 1000ден ашуун спортчу жана дени сак жашоо образын жактаган адамдар катышат. Алар 21,1 км, 10 км жана 5 км аралыктагы чуркоолорго чыгышат. Ошондой эле, эң кичинекей катышуучулар үчүн 1 км аралыкта балдардын жарышы өткөрүлөт.

Иш-чаранын максаты — мүмкүн болушунча көп адамдарды активдүү жана дени сак жашоо образын карманууга үндөө жана калк арасында спортту жайылтуу.

Мындан сырткары, жарым марафон Кытайда, Бразилияда, Египетте, Сербияда, Беларуссияда, Бахрейнде, Катарда, Венесуэлада, Индияда, Иорданияда, Малайзияда, Непалда, БАЭде, Пакистанда, Сауд Аравиясында, Чилиде, Ливанда, Тунистин, Армениянын, Россиянын бардык аймактарында жана башка өлкөлөрдө да бир учурда өткөрүлөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясы жана Эл аралык марафондун дирекциясынын колдоосу менен өткөрүлөт.

Жарым марафондун өтүү учурунда, саат 6:30дан 12:00гө чейин, унаа кыймылы чектелет. Транспорт каражаттары үчүн Жайыл Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы/Абсамат Масалиев проспектиси боюнча кыймыл токтотулат.