1-июнь Балдарды коргоо күнүн майрамдоонун алкагында Ала-Тоо аянтында саат 10:00дөн 22: 00гө чейин оюн-зоок иш-чаралары пландаштырылды.

Аянтта уюштурулуучу интерактивдер:
- аквагримм-зонасы;
- фотозона-жаркыраган пейзаждар жана өзгөчө куурчактар;
-пластилинден моделдөө, сүрөт тартуу ж. б. боюнча мастер-класс.;
- кызыктуу сынактар, флешмобдор;
- көбүк шоусу;
- спорт оюндары;
- иш-чаранын расмий өнөктөштөрүнөн бонустар (белектер).

Мындан тышкары, 30-майдан 8-июнга чейин Бишкек шаарында 10 өлкөнүн, ошондой эле өлкөбүздүн бардык облустарынын келген таланттуулардын катышуусунда бешинчи эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалы өтөт.

Фестивалдын алкагында аянтта чет элдик катышуучулардын аткаруулары көрсөтүлүп, саат 19:00дө майрамдык дискотека уюштурулат.

Урматтуу шаар тургундары, борбор калаанын коноктору жана кичинекей бишкектиктер! Бишкек шаарынын мэриясы балдарды коргоо күнүн биз менен бирге майрамдоого чакырат!