Бүгүн, 2025- жылдын 22-майында  Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти  № 59 мектепке чейинки билим берүү уюмунун басазында бала бакчанын тарбиялануучуларынын арасында SТEAM-технологияларды киргизүү боюнча кароо-сынак өткөрдү.

Кароо-сынактын негизги максаты жана милдети: алгоритмдер жана программалоонун негиздери, чыгармачыл инженерия жана курулуш, анимация педагогикасы жаатында балдардын жаңы билимдерин, көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат. Ошондой эле 6-7 жаштагы мектепке чейинки курактагы балдардын арасында илимий-техникалык чыгармачылыкты жайылтуу, инновация жана технология чөйрөсүнө балдардын кызыгуусун стимулдаштыруу.

Сынактын катышуучулары Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган 6-7 жаштагы балдар болду.

Номинациялар:
Конкурстук алгоритмдик жана "Робомыш" топтому менен программалоонун негиздери катышуучулардын жашы 6 жаш , 13 катышуучу катышты. Биринчи орунду №35 бала бакча ээледи, экинчи орунду №71 бала бакча ээледи, үчүнчү орунду №100 бала бакча ээледи.

"Лего мастер" Лего конструкциясы – катышуучулардын жашы 6 жашта, 8 катышуучу көрсөтүлгөн. Биринчи орунду №61 бала бакча , экинчи орунду №18 бала бакча , үчүнчү орунду №22 бала бакчалар ээлешти.

Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн санариптик "Мультстудияны" колдонуу менен балдардын анимациялык мультфильмдери – 6-7 жаштагы балдардын жана тарбиячынын долбоордук иши даяр мультфильм менен калыстар тобунун баалоосу үчүн алдын ала берилген. Табыштамаларды – эки МЧББУ берген, жыйынтыгында №18 жана №22 бала бакча  тең компт техникасы боюнча сертификаттарды алышты.

Этно-SТЕAM жашы 6 жашта, 12 катышуучу катышкан. Биринчи орунду №21 бала бакча , экинчи орунду №61 бала бакча ээ, үчүнчү орунду №111 бала бакчалар ээлешти.

Алгачкы үч байгелүү орундун жеңүүчүлөрү баалуу байгелерге ээ болушту.

Белгилей кетсек, Этно-SТЕAM номинациясында жеке ишкер жана Этно-SТЕAM топтомунун автору Рысбек уулу Солдатбек байге фондунун демөөрчүсү болгон. Ошондой эле башка номинациялардын жеңүүчүлөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинен тиешелүү сертификаттары бар түстүү принтерлерге, компьютерлерге, жөнөкөй принтерлерге ээ болушту.