Бишкек мэриясында  укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өтүп, анда окуу жылын жыйынтыктоого, жайкы сезонго даярдык көрүү жана борбордо Балдарды коргоо күнүн белгилөөгө арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланды.

Аталган маселелерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

Мэрдин орун басары В.А. Мозгачева Бишкек шаарында өткөрүлүүчү бардык майрамдык иш-чараларды координациялоону камсыз кылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, муниципалдык райондук администрациялар жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен бирдикте, учурдагы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди эске алуу менен Бишкек шаарынын бардык жалпы билим берүү уюмдарында «Акыркы коңгуроо» иш-чараларын уюшкандыкта жана коопсуз өткөрүүнү камсыз кылсын.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы Бишкек шаарында майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө эл көп чогулган жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.

Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгы салтанаттуу иш-чаралар өтүп жаткан аймактарда коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоону камсыз кылсын.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасы жана муниципалдык райондук администрациялар менен бирдикте 2025-жылдын 10-июнуна чейин сууга түшүү үчүн расмий аянтчаларды изилдөө иштерин жүргүзүп, суу сактагычтардын түбүн тазалоону, эскертүүчү белгилерди жана мамычаларды орнотууну камтысын.

Муниципалдык инспекцияга акимчиликтер менен биргеликте Ала-Тоо аянтындагы мыйзамсыз сооданы жоюу боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.