Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын конокторуна жана тургундарына көлдөрдө сууга түшүүдө этият болууну жана көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана каналдардын жанындагы эс алуу жайларында жашы жете электерге көзөмөлдү күчөтүүнү  сунуштайт.

Ошондой эле тыюу салынган жерлерде сүзүүгө, тосмо белгилеринен ары сүзүүгө, көпүрөлөрдөн жана пирстерден секирүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары мас абалындагы адамдарга сууга түшүүгө тыюу салынат.

Борбор калаанын муниципалитети кырсыктардын көбү ата-энелердин этиятсыздыгынан болуп жатканын билдирип, чоңдорду балдарды сууда кароосуз калтырбоого чакырат. 12 жашка чейинки балдар чоңдордун көзөмөлүсүз жүрүүгө болбойт!

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын маалыматына ылайык, борбордо 51 суу объектиси бар.

Бүгүнкү күндө 27 объект текшерилип, калган объектилер боюнча текшерүү иш-чаралары белгиленген тартипте улантылат.

Мындан тышкары, борбор калаадагы суу объектилеринин жанына 5 баннер, 150 даана “Сууга түшүүгө болбойт” деген жазуулар орнотулуп, 2500 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.