Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев ДЕПО-1 жана ДЕПО-2деги инфратүзүмдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Учурда эки ДЕПОнун аймагы жаңы электр автобустарын жайгаштырууга даярдалып, аларды заманбап электр заряддоо жабдуулары менен камсыз кылууда.

“China Road and Bridge Corporation” подряддык уюмуна оңдоо иштерин аткарууда белгиленген мөөнөттөрү так сакталбагандыгына байланыштуу эскертүү берилген. Компанияга келишимде каралган учурдагы жазалар жөнүндө эскертүү менен расмий кат жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, электр автобустарынын биринчи партиясы 2025-жылдын июнь айында келет.

Буга чейин тиешелүү шаардык кызматтарга жанаша жайгашкан аймакты ирээтке келтирүү жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү милдети коюлган.

Инспекциянын жыйынтыгы боюнча борбор калаанын башчысы аткарылган иштердин сапатын жана подряддык уюмдар тарабынан объектилерди тапшыруу мөөнөтүн эртелетүүнү тапшырды.