Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушашиев жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Алгач, Садырбаев көчөсүнөн Тыныбеков көчөсүнө чейин жасалып жаткан Щорс көчөсүнөгү жол бордюрларын орнотуу иштерин текшерди.

Андан соң калаа башчысы Ак-Марал көчөсүнүн Чортеков көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки бордюрларды орнотуу жана жолдун негизин даярдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле мэр Ак-Марал көчөсүнүн бала бакча куруу пландалып жаткан бөлүгүн көрүп чыкты. Калаа башчысы "Арча-Бешик" конушунун аймагын көрктөндүрүүнү карап чыгып, кичинекей тургундарга шарт түзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Береговая көчөсүнүн 50 жылдык Жеңиш көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү капиталдык курулуш иштери менен таанышты. Азыркы учурда жол тилкесинде ирригациялык система орнотулуп, эски асфальтты чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Токтоналиев көчөсүнүн Масалиев көчөсүнөн Дүйшеев көчөсүнө чейинки курулушун текшерди. Бүгүнкү күндө жол жана тротуар бордюрларды, ирригациялык лотокторду жана түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Шаар башчысы Айбек Джунушалиев шаардык кызматтарга тийиштүү уруксат документтери жок орнотулган объектилерди аныктап, аларга карата чара көрүүнү  тапшырды.

Инспекциянын жыйынтыгы боюнча борбор калаанын башчысы аталган тилкелерди комплекстүү жаңылоо, ошондой эле аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу милдетин койду.