Бүгүн, 2025-жылдын 21-майында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев “Royal Central Park” көп тармактуу комплекстин курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты.

Учурда объектте айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жол инфраструктурасын түзүү жана жасалма көл түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Мэр Айбек Джунушалиев муниципалитет тарабынан курулуш иштерин жүргүзүүгө керектүү шарттар түзүлөрүн жана бардык зарыл чаралар көрүлөрүн баса белгиледи. Ошону менен катар, курулуш ишин алып барган компанияга жумуштардын жүрүшүн тездетүү боюнча сунуш берилди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Royal Central Park” комплексинин курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы “Ак-Кула” мурунку ат майданы жайгашкан аймакты 49 жылдык мөөнөткө “РЦА Ливинг” ЖЧКсына берүү боюнча келишим түзгөн. Бул аймакта заманбап турак жай комплекстери, бизнес жана ишкердик борборлор, коомдук жана социалдык объекттерди куруу пландаштырылууда.