Кечээ мэр Айбек Джунушалиев “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасынын аймагында 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык жана жылуулук борборунда жүргүзүлүп жаткан профилактикалык жана оңдоо иштеринин жүрүшү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Ишкананын директору Нургазы Курманбеков бүгүнкү күндө резервде 250 миң тоннадан ашык көмүр бар экенин билдирди.

Анын айтымында, учурда 7 буу казан агрегаты жана 2 турбоагрегат пландык-профилактикалык оңдоодон өткөрүлүүдө, ошондой эле негизги жана көмөкчү жабдууларга да оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Мэр Айбек Джунушалиев иштерди ыкчам жүргүзүүнү, материалдар менен иштердин сапатына, коопсуздугуна жана узак мөөнөттүү болушуна өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары, “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасынын директоруна шаар тургундарына өз убагында ысык суу берүү милдети жүктөлдү.

Андан соң шаар башчысы Ахунбаев менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилишине барып, ал жерде Ахунбаев көчөсүнүн Достоевскийден Ауэзов көчөсүнө чейинки улануусу катары каралган, узундугу 4,2 км болгон жаңы келечектүү жол куруу долбоору менен таанышты.

Тиешелүү кызматтарга жакын арада долбоордук-сметалык документтерди бүтүрүү, жол куруу иштерин баштоо жана жол курулушуна тоскоол болгон объекттерди демонтаждоо тапшырмасы берилди.

Сугат суусунун шаарга жетпей калуу коркунучунун алдын алуу максатында, мэр Айбек Джунушалиев Аламүдүн, Жогорку Ала-Арча жана Чоң-Арык суу сактагычтарынын абалын текшерди. Жеринде суу сактагычтарды жана каналдарды тазалоо, оңдоо жана көрктөндүрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.