Билим берүү департаменти И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен биргеликте "Мектепке чейинки балдардын эмоционалдык интеллектин өнүктүрүү: практикалык ыкмалар жана стратегиялар" темасында симпозиум өткөрдү.

Иш-чарага Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, И.Арабаев атындагы КМУнун проректору Айгуль Чалданбаева, КР БжИМ мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, ЖОЖдордун окутуучулары, бала бакчалардын директорлору, ЖОЖдордун педагогтору жана студенттери катышты.

Белгилей кетсек, симпозиумда мектепке чейинки билим берүүнүн актуалдуу темалары боюнча бир катар баяндамалар угулду, андан соң секциялык отурумда окутуу ыкмаларын жакшыртуу боюнча жалпы стратегиялык маселелерди талкуулоо жана кабыл алуу өттү.

Иш-чаранын айырмалоочу бөлүгү болуп мектепке чейинки билим берүүдөгү алдыңкы педагогдордон мастер-класстар болду, бул кесиптештер арасында тажрыйба алмашуу үчүн аянтча.