Бишкек шаарында  Билим берүү департаменти тарабынан жыл сайын "Жылдын мыкты мугалими - 2025" аттуу шаардык мугалимдердин кесиптик чеберчилигинин конкурсу өткөрүлдү.  

"Жылдын мыкты мугалими - 2025" сынагы 14 номинация боюнча өттү.
Башталгыч класстардын мыкты мугалими номинациясында биринчи орунду №68 мектептин мугалими Токтоноева Ардак Анарбековна, экинчи орунду Казип кызы Чолпон - №43 мектептин мугалими, үчүнчү орунду №91 мектептин мугалими Ишеналиева Аида Курманалиевна ээледи.

Кыргыз тили жана адабияты боюнча Мыкты мугалим номинациясында биринчи орунду – № 71  мектептин мугалими Эмилбекова Жылдыз Эмилбековна, экинчи орунду – №75 мектептин мугалими Акенова Нурзат Алымкуловна, үчүнчү орунду №80 мектептин мугалими Камзаева Назгул  Мырзабековна багындырды.

Орус тили жана адабияты боюнча Мыкты мугалим номинациясында үчүнчү орунду – №1 жатак мектебинин  мугалими Өмүрбекова Даражан Абалбековна ээледи.

Мыкты математика  мугалими номинациясында биринчи орунду №55 мектептин мугалими Калыкова Айнура Жулдашбаевна,  экинчи орунду №32 мектептин мугалими Искакова Таалайгуль Үрүстөмбековна, ал эми үчүнчү орунду №81 мугалими Баялиева Гулина Карыбаевна багындырды.

Мыкты тарых мугалими номинациясында биринчи орунду - №1 жатак мектебинин мугалими Турусбек Данияр, экинчи орунду №2 мектебинин мугалими Токтожумаев Бахтияр Токтожумаевич, ал эми үчүнчү орунду №52 мектебинин мугалими Ысакали кызы Кулпунай алды.

"Адам жана коом" предмети боюнча Мыкты мугалим номинациясында биринчи орунду №38 мектептин мугалими Рахатбек кызы Айзуура, №88 мектебинин мугалими Бейшеева Элмира Сабырбековна экинчи орунду ээледи.

Чет тили боюнча Мыкты мугалим номинациясында биринчи орунду № 9 мектебинин мугалими Омурбекова Чолпон Омурбековна, экинчи орунду №33 мектебинин мугалими Елена Юрьевна Тимошенко ээледи.

Физика / астрономия боюнча Мыкты мугалим номинациясында №87 мектептин мугалими Ишенова Сангүл Ырысбековна экинчи орунду ээледи.

Эң мыкты информатика мугалими номинациясында экинчи орунду мектептин мугалими №40 Жаркыбаева Нургуль Бекмуратовна ээледи.

Химия сабагынын Мыкты мугалими номинациясында биринчи орунду №80 мектебинин мугалими Баялиева Аида Баянбековна, №96 мектебинин мугалими Шаршенбек кызы Анаркүл экинчи орунду багындырды.

География сабагынын мыкты мугалими номинациясында биринчи орунду №10 мектептин мугалими А.Т. Асылгазиева ээледи.

Биология сабагынын мыкты мугалими номинациясында биринчи орунду №87 мектептин мугалими Сыдыкова Жакут Закировна алды.

Дене тарбиянын мыкты мугалими номинациясында биринчи орунду №33 мектептин мугалими Карымшакова Венера Муратбековна, №96 мектебинин мугалими Тариэль уулу Талгарбек экинчи орунду ээледи.

Сүрөт-көркөм чыгармачылык боюнча Мыкты мугалим номинациясында биринчи орунду № 77 мектебинин мугалими Бердибаев Шатман алса, №66 мектептин мугалими Касымбекова Ася Жолдубаевна экинчи орунду ээледи.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында "Жылдын мыкты тарбиячысы-2025"шаардык сынагынын жыйынтыгы:

Мамлекеттик тилдин мыкты мугалими номинациясында биринчи орунду №162 МЧБУнун мугалими Эркалиева Оксана Чынарбековна, №133 МЧБУнун мугалими экинчи орунду Жолдошбек кызы Бактыгүл Атыл ээледи.

Жылдын мыкты усулчусу номинациясында биринчи орунду №25 МЧББУнун методисти Махабат Малабекова, экинчи орунду №5 МЧББУнун методисти  Түкүшова Нурайым Нурмагамбетовна алды.

Жылдын мыкты тарбиячысы номинациясында биринчи орунду №93 МЧББУнун тарбиячысы Жолдошева Айгүл Майрамбековна, экинчи орунду – №100 МЧББУнун тарбиячысы Ордобаева Самара Жекишовна, ал эми үчүнчү орунду  №107 МЧББУнун тарбиячысы Эльнура Курманова ээледи.

Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси номинациясында биринчи орунду №13 МЧББУнун музыкалык жетекчиси Бусалаева Елена Александровна, экинчи орунду №3 МЧББУнун музыкалык жетекчиси Керимбеков Эрмек алды, ал эми үчүнчү орунду №181 МЧББУнун музыкалык жетекчиси Чакенов Тилек ээледи.

Белгилей кетсек, биринчи орунду алган мугалимдер сынактын республикалык этабына катышат.