Мэр Айбек Джунушалиев Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян менен жолукту

Борбордук муниципалитеттин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкармалыгынын төрагасынын орун басары, ЕАӨБ санариптик демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян менен жолукту.

Жолугушуунун катышуучулары шаардын аймагында эки долбоорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Алардын биринчиси санариптик платформалык чечимдин базасында Бишкек шаарында абанын комплекстүү экологиялык мониторинг системасын түзүүнү камтыйт. Бул долбоор Кыргызстандын борбор шаарынын жашоочулары үчүн актуалдуу болгон атмосфералык абанын булгануу маселесин чечүүгө багытталган. Анын алкагында Бишкек шаарындагы негизги чыгындылардын булактарын көзөмөлдөө үчүн мамлекеттик бийлик органдары менен муниципалитетти заманбап санариптик техникалар менен камсыз кылуу, ошондой эле аларга абаны булгоонун жалпы деңгээлине ишканалардын жана табигый булактардын салымын үлүшүн менен баалоо мүмкүнчүлүгүн берүү пландаштырылууда.
Экинчи долбоор Бишкек шаарында транспорттук агымдарды башкаруу, моделдештирүү жана мониторинг жүргүзүүнүн интеллектуалдык транспорттук системаларын өнүктүрүүгө жана ишке киргизүүгө багытталган.

Долбоорду ишке ашыруу транспорттук агымдарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, транспорт чөйрөсүндөгү инвестициялык чечимдерди негиздөөгө, коомдук транспорттун маршруттук каттамын оптималдаштырууга, ошондой эле экологиялык кырдаалды жана жарандардын мобилдүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкек шаарынын тургундары менен конокторунун жашоо сапатын жогорулатуу максатында кызматташууну активдештирүүнү макулдашышты.