Бишкек шаарында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн теннис аянтчаларында Жеңиш күнүнө арналган ачык жазгы теннис биринчилиги өттү.
Мелдештер балдар, жаш кыздар жана өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, Бишкек шаарында жана жалпы Кыргыз Республикасында теннисти жайылтуу жана өнүктүрүү, жаштарды спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, ден соолукту чыңдоо жана спорттук разряддарын жогорулатуу максатында уюштурулду.
Жалпысынан турнирге 107 жаш теннисчи катышты, алардын ичинен 28 спортчу С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн теннис бөлүмүнөн болду.
Мектеп тарбиялануучуларынын жыйынтыктары:
Кыздар арасында (2012–2014-ж.т.):
— Мансурова Алия — 2-орун
Жаш кыздар арасында (2008–2011-ж.т.):
— Аскарова Днища — 9-орун
Уул балдар арасында (2012–2014-ж.т.):
— Алимов Иса — 5-орун
— Машрапов Ансар — 9-орун
Өспүрүмдөр арасында (2008–2011-ж.т.):
— Алимов Илимбек — 5-орун
Мындай мелдештер жаш теннисчилердин спорттук өсүшүнө көмөктөшүп, атаандаштык духун чыңдап, муундар ортосундагы байланышты сактап, Жеңиш күнүнүн маанисин эске салган иш-чара болду.