Октябрь районунун №98 жалпы билим берүү мектебинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, акын Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев, Сооронбай Жусуевдин кызы Анара Жусуева, Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин, коомдук ишмер Жаныбай Жамшидов, Кырк элдик биримдигинин төрагасы Култашар Шерипбаев, Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Асел Сыдыкова, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Медина
Ботоканова жана Октябрь районундагы бир катар мектептердин жетекчилери катышты.
Иш-чара окуучулар тарабынан акындын ырларын окуу жана концерттик программа менен коштолду. Белгилей кетсек, 100 жылдык мааракенин алкагында борбор калаанын №98 орто мектебине акын Сооронбай
Жусуевдин ысымын ыйгаруу иштери аяктоо алдында турат. Орто мектеби 2022-жылы ачылып, учурда 1151 окуучу билим алууда.