“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн жарыктандырууну модернизациялоо иштерин улантууда. Ленин районундагы Арча-Бешик конушунда 14төн ашык көчө жарыктандырылды.
Долбоордун алкагында 194 заманбап светодиоддук чырактар орнотулуп, 6 миң 217 метр узундуктагы өзүн кармай турган изоляцияланган зым (СИП) тартылды. Жаңы жарыктандыруу түн ичинде ишенимдүүлүктү, энергиянын натыйжалуулугун жана коопсуздукту камсыз кылат.
Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи Май райондорунда борбордук көчөлөрдү да, конуштарды да камтыган иштер бир убакта жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы жума сайын бирден кем эмес көчөнү жарыктандырууну пландаган.