Бишкек шаарында 2025-жылдын 2-июндан 27-июнга чейин борбордогу 46 мектепте 4450 баланы камтыган мектеп алдындагы лагерлер уюштурулат.

Мектеп алдындагы лагерлер саат 8:00дөн 14:00гө чейин 20 күн бою иштейт.

Мектеп алдындагы лагерлерде балдар ийримдерде жана спорттук секцияларда машыгууга мүмкүнчүлүк алышат.

Иш-чаралар балдардын толук кандуу өнүгүүсүн, алардын коопсуздугун жана жайкы эс алуу учурундагы ыңгайлуулугун камсыз кылуунун алкагында уюштурулат.