Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызмат резервине кошулуу үчүн конкурс жарыялайт.

Көрктөндүрүү боюнча көзөмөл жүргүзүү багытында адистер (инспекторлор) талап кылынат.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- Кыргыз Республикасынын жараны болуусу;
- 18 жаштан кем болбошу;
- кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бериши.

Эскертүү: ачык конкурска кийинки этапка өтүү үчүн талапкерлердин документтери коюлган талаптарга жооп бериши шарт. Байланыш маалыматы жана талапкердин дареги так көрсөтүлүшү керек.

Документтер 2025-жылдын 13-майынан 23-майына чейин, саат 10:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 495а, 2-кабат, 11-кабинет. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы.
Маалымат үчүн байланыш телефону: 0705 56 47 56.

Толук маалымат шилтемеде: https://bishkek.gov.kg/ru/vacancy/109