Каракол шаарында таланттуу машыктыруучу Азат Анарбек уулунун жаркын элесине арналган футзал боюнча турнир болуп өттү.
Мелдешке ар кайсы курактагы жаш спортчулар аймактардардан чогулуп, жалпысынан 10 команда катышты.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — ОРАБӨСОМ командасы
2-орун — «Шаты» командасы
3-орун — «Каракол Арена» командасы
Бул турнир жөн гана спорттук иш-чара болбостон, жаштар спортуна чоң салым кошкон инсанга болгон урмат-сыйдын белгиси катары да өттү.
Мындай турнирлерди өткөрүү — белгилүү машыктыруучунун элесин сактап калууга, ошол эле учурда жаңы муундагы спортчуларды өсүүгө, тартипке жана жогорку жетишкендиктерге умтулууга шыктандырат.