Свердлов районунун жалпы билим берүү мекемелеринде муниципалдык администрациянын бекитилген графигине ылайык, өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, мушташтардын, зомбулуктун жана баңгизат колдонуунун, ошондой эле кырсыктардын алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ата-энелер коомчулугу менен жолугушуулар өтүп жатат.
Иш-чараларга Райондук ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясынын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Свердлов району боюнча бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматтарынын, ошондой эле райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери катышууда.
Бул жолугушуулардын максаты — балдар менен өспүрүмдөр үчүн коопсуз чөйрө түзүү, ата-энелерди мүмкүн болгон тобокелчиликтер тууралуу кабардар кылуу жана өспүрүмдөр арасында укукка каршы аракеттерди алдын алуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү.