Шаардык муниципалитетте мэр Айбек Джунушалиевдин пландуу кеңешмеси өттү.

Объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча ири долбоорлорго байланыштуу борбордун башчысы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жеринде жеке катышуусун тапшырды.

Долбоорлорду сапаттуу жана тез бүткөрүүнү камсыз кылуу максатында бардык курулуш иштерин өзгөчө жана үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуу милдети коюлду.

Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары жана туруктуу комиссиялары өткөргөн жыйындарга жана сессияларга жооптуу кызматкерлерди бекитүү милдеттендирилди. Маселен, 2025-жылдын 8-январынан 25-апрелине чейинки мезгилде Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жана фракцияларынын 171 отуруму болуп өткөн, бул кызматтын жетекчилеринин күнүмдүк тапшырмаларынын аткарылышына жана графикке олуттуу таасирин тийгизүүдө.

Мындан тышкары, шаар башчысы Аламүдүн базарынын аймагындагы башаламан сооданы жоюу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Учурда Ош базар жана Орто-Сай базарларында, ошондой эле башка кичи базарларда активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Акыркы убакта "Менин шаарым" тиркемесине кирүү көбөйдү. Жүктөөлөрдүн саны 700 миңге жетти, активдүү колдонуучулар 500 миңге жакын. Буга байланыштуу Айбек Джунушалиев жарандардын кайрылууларын кароо сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды, эгерде мыйзам бузуулар болсо, жооптуу кызматкерлер, мекемелердин жетекчилигине чейин жеке жоопкерчиликке тартылат.