Бишкек жана Пермь шаарларынын ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын борборуна Пермь шаарынын мэри Эдуард Соснин баштаган Россия Федерациясынан делегация келди.
Россиялык делегация №9 балдар искусство мектебине барды, анда коноктор үчүн экскурсия жана жаш таланттардын аткаруусундагы чакан концерт уюштурулган. Ошондой эле, делегация Чолпонбай Түлөбердиев атындагы көргөзмө арт-галереясында болуп, галереянын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мындан тышкары, Пермь шаарынын өкүлдөрү №75 орто мектебине барып, окуу шарттары менен таанышып, педагогикалык жамаат жана окуучулар менен баарлашты.
Делегацияны Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева коштоп, эки шаар ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Эки тарап мындан ары кызматташууга жана эки шаардын жашоочуларынын жыргалчылыгына багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыктар экендигин билдиришти.