2025-жылдын 2-8-май күндөрү Индиянын Дели шаарында параармрестлинг боюнча 22-Азия чемпионаты болуп өттү.

Кыргызстандын атынан теннис, паралимпиадалык жана спорттун  күч түрлөрү боюнча ӨРАБӨМдүн үч спортчусу татыктуу катышты.

Спорт мектебинин тарбиялануучулары өз категорияларында мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү:
* Токтосун уулу Бекболсун (60 кг чейин, таяныч-кыймыл аппараты) Азиянын эки жолку чемпиону болуп, сол жана оң кол боюнча алтын медалдарды жеңип алды.
* Камчыбек уулу Эрлан (60 кг чейин, угуу жөндөмүнүн бузулуусу) сол кол боюнча 3-орунду, оң кол боюнча 2-орунду ээлеп, эрктүүлүгүн көрсөтө алды.
* Нурматов Евгений (90 кг жогору, көрүү жөндөмүнүн бузулуусу) сол кол боюнча күмүш, оң кол боюнча коло медалдын ээси болду.

Бул жеңиштер — спортчулардын жана алардын машыктыруучусунун тынымсыз эмгегинин, руханий күчтүүлүгүнүн жана кесипкөйлүгүнүн жыйынтыгы.