Кожомкул атындагы спорт комплексинде 15 жашка чейинки (U-15) кыздар жана балдар арасында волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.

Мелдешке өлкөнүн бардык региондорунан келген 9 команда катышты.

Кыздар арасындагы жыйынтык:
* 1-орун — Бишкек шаарынын командасы
* 2-орун — Ош облусунун командасы
* 3-орун — Нарын облусунун командасы

Чемпионатка өлкөнүн бардык аймактарынан — Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан келген командалар катышты.

Мелдештин максаты — жаш спортчулар ортосундагы достукту бекемдөө, өз-ара тажрыйба алмашууга шарт түзүү жана өсүп келе жаткан муундун арасында волейбол спортун жайылтуу болду.