Октябрь районундагы №88 орто мектебинде 6-класстан 8-класска чейинки окуучулар арасында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча турнир өттү. Мелдешке жалпысынан 12 команда катышты.

Турнирдин жыйынтыгы:
* 1-орун — 8 «Б» классы
* 2-орун — 8 «Г» классы
* 3-орун — 8 «Д» классы

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду. Жеңүүчүлөр медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Турнирдин негизги максаты — спортко болгон сүйүүнү ойготуу, дени сак жашоо образын калыптандыруу, окуучулар арасындагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо, ошондой эле Улуу Жеңишти эскерүү болду.