2025-жылдын 9-майында оңдоо иштеринен кийин Жаш Гвардия бульварынын Чүй проспектисинен -Жибек Жолу проспектисине чейинки батыш тарабы ачылат.
Ошол эле учурда, аталган тилкенин чыгыш тарабы жабылат. Батыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
Калыбына келтирүү иштери белгиленген графиктен алдыда жүргүзүлүүдө. Подрядчы уюм — «ДорСтрой Групп» ЖЧКсы.
Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү жол боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштери башталат. Анын ичинде унаа токтотуучу жайларды оңдоо иштери да бар. Бул иштер муниципалитет менен ижара келишими бар жакын жайгашкан соода жайларынын ээлеринин эсебинен жүргүзүлөт.
Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн маршрутуңуздарды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.